Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кенешинин ХХVII чакырылышынын 33-сессиясы
2020-жылдын 25-марты № 108/1
«Жай айында малчылардын тарифин бекитип берүү жөнүндө»
Айыл тургундарына маалымат берүү үчүн даярдалган Жайыт Комитетинин жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап эл жыйынынын чечимин жетекчиликке алып айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылга айыл ичиндеги жайытка жана жайлоого жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Алыскы жайлоолор : Уч Кашка,Турук,Чаар –Кудук.
Жакынкы жайлоолор Талды-Суу,Ичке-Суу,Көөчү,Корумду.
Түп токой чарбасына жайыт үчүн ижара акысы менен айыл четиндеги жайыт акысы биригип төмөндөгүдөй бекитилсин.
-Жылкыларга,уйларга-1(бир) башына -100 (жүз) сом
-Тай,торпокорго -1 (бир) башына-100 (жүз) сом
-Кой,эчки-1(бир) башына -25(жыйрма беш)сом, Лесхоздун жайыты үчүн -50% төлөнөт.
2. Жайыт Комитетинин жерине калган малчылар
-Жылкыларга,бодо малдарга-1(бир) башына-60(алтымыш) сом
-Кой,эчкилерге-1(бир) башына-12,50(он эки сом 50 тыйын)
3. Төрт айылдын бадачылары 2020- жылдын июнь айында бададагы уйлардын жайыт акысын Лесхоз менен Жайыт Комитетине биригип -1(бир) башына 100(жүз)сомдон чогултуп жайыт комитетине өткөрүп берет.
Лесхоздун жерине барбаган бада үчүн -60(алтымыш)сом дон Жайыт Комитетине төлөйөт.
4. Малчылар 2020-жылдын 1майына чейин айылдан жайлоого көчүп кетүүсү милдеттендирилсин.
5. Бекитилген токтом,чечимдери коомдук,эл көп барган жерлерге жарыя кылып илүү жайыт комитетине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Эгембердиев М.С. |