Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кенешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2020-жылдын 11-августу № 123
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдан 01.01.2020 ж. бош калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекенова Эркинайга оорусуна байланыштуу операция жасатканга көп акча каражат талап кылынгандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан 10,0 (он мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Талды-Суу айыл аймагына караштуу айылдарынын ички жолдорун сүрдүрүү үчүн 212,0 (эки жүз он эки мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Шамбала ордосунун тегерегин сүрдүрүп тазалаганга 52,0 (элүү эки мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Билим берүү мекемелерин жана шайлоо участокторун дезинфекциялык каражаттар (коврик, санитайзер, тепловизор, жуучу каражаттар, бир жолку колдонулуучу кол аарчыгычтар, хлор) менен камсыз кылуу учун 58,0 (элуу сегиз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Жаны контордун үстүнөн жаан өтүп жаткандыгына байланыштуу ондоо жумуштарына 23,0 (жыйырма үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Билим беруу жана саламаттыкты сактоо мекемелерин генератор менен камсыз кылуу максатында 185,0 (бир жүз сексен беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кадырбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Эгембердиев М.С. |