Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 50
Жер тилкесин которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы “ 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү , өлкөнү санариптештирүү жана балдарда коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында “Б.А.А.З Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүрдү жана катуу тиричилик таштандыларды (ТБО) кайра иштетүү боюнча технологиялык комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Кызыл-Саз” участкасынан №197;№198 контурларынын ичинен көмүрдү жана катуу тиричилик таштандыларды (ТБО) кайра иштетүү боюнча технологиялык комплексти куруу үчүн 50,0гектар жайыт түрүндөгү жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”” категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көмүрдү жана катуу тиричилик таштандыларды (ТБО) кайра иштетүү боюнча технологиялык комплексти куруу үчүн жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |