Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 51
Жер тилкесин которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын тургуну Юсупова Шайыркүл Черикчиевнанын 2010-жылын 12-июнунда Ош шаарындагы коогалаӊ учурунда кызмат абалда эрдик көрсөтүп курман болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын улук офицери, майор Абдылдаев Канат Аликовичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында балдар ойноочу аянтты жана сейилдөөчү эс алуу кичи паркын куруу, көрктөндүрүү үчүн долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Саламат-Булак” участкасынан №197;№198 контурларынын ичинен Ош шаарындагы коогалаӊ учурунда кызмат абалда эрдик көрсөтүп курман болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын улук офицери, майор Абдылдаев Канат Аликовичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында балдар ойноочу аянтты жана сейилдөөчү эс алуу кичи паркын куруу, көрктөндүрүү үчүн 2,0 гектар жайыт түрүндөгү жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |