Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 52
Жер тилкесин которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы “ 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү , өлкөнү санариптештирүү жана балдарда коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Ак-Өлөн айылынын тургуну Төлөнгүтов Өмүракун Асанбековичтин ар кандай маданий иш-чараларды ,спорт оюндарын, ат оюндарын өткөрүү максатында ат майданын куруу боюнча долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Ак-Жал” участкасынан №949;№952 контурларынын ичинен ат майданды куруу үчүн 50,0 гектар жайыт түрүндөгү жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ат майданды куруу үчүн жер тилкесин “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |