Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 53
“Боз-Бармак” дача,өзүмдүк көмөкчү чарба жер участогунун генералдык планын бекитүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Кадырбаев Болотбектин маалыматын , айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Боз-бармак” участкасындагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн 7-июль 1999-жылдагы №34 токтомунун, Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын 9-июнь 1999-жылдагы №27 токтомунун негизинде көрктөндүрүү , багбанчылык кылуу үчүн берилген Көк-Мойнок айыл аймагынын “Боз-бармак” участкасындагы дача,өзүмдүк көмөкчү чарба жер участогунун такталгандан (корректировка) кийинки генералдык планы бекитилсин.
2. “Боз-Бармак” дача,өзүмдүк көмөкчү чарба участогунан жер тилкелерин жарандарга берүүдө генералдык пландын негизинде ар бир участок 500м2 бөлүнүп берилсин.
3. Бекитилген генералдык пландын негизинде иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |