Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 54
«Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясына» 2021-жылга карата сунуш берүү жөнүндө
« Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясына» 2021-жылга карата сунуш берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Мойнок айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагына 2021-жылга карата «Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясына» каржылап берүү үчүн негизги төмөндөгү маселелер сунушталсын:
1) Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курууга;
2) Көк-Мойнок-1 айылына ФАП курууга;
2. Жогорудагы маселерге тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. 2021-жылдын планына киргизүү жагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Джодаев А.Б. |