Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 55
Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Ак-Өлөң айылындагы кожолуктарга суу эсептегичтерди орнотуу жөнүндө
Ак-Өлөң айылындагы « Саламат-Булак Таза Суу» ИСКАКБ нын жетекчиси Ж.Баратбаеванын маалыматын жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Саламат-Булак Таза Суу” ИСКАКБнын бардык чыгымдарын жабууну камсыздоо жана өнүгүү үчүн киреше алып, ичүүчү таза сууну коромжусуз-сарамжалдуу пайдалануу максатында инновациялык технологияларга кирген суу эсептегичтер орнотулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |