Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры № 40
Көк-Мойнок айыл аймагындагы Ак-Өлөң айылында жайгашкан эскилиги жеткен имараттарды сатыкка коюу жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөң айылындагы С. Каралаев атындагы
жалпы орто билим берүү мектебинин устаканасынын (мастерской) имараты эскилиги жетип, пайдаланууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу, имарат жайгашкан жер аянтты эмес, имараттын өзүн гана сатыкка коюуга макулдук берилсин.
2. Имаратты сатыкка коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |