Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 2
Көл-Төр айылындагы административдик имараттын профилин өзгөртүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы 2040310020276 идентификациялык кодунда, И.Бектемиров №16 дарегинде жайгашкан Көл-Төр айылынын административдик имаратынын профили бала бакча болуп өзгөртүлсүн.
2. Административдик имараттын профилин өзгөртүү боюнча иштерди алып баруу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |