Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 3
Тогуз-Булак айылынын кичи футболдук аянтчасына Серең Атанын ысымын берүү жөнүндө
Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын кичи футболдук аянтчасына Серең Атанын ысымын берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын кичи футболдук аянтчасына Серең атанын ысымы берилип, “Серең Ата” атындагы кичи футболдук аянтчасы деп аталсын.
2. Аты берилген кичи футболдук аянтчанын тазалыгына, жарыктандыруу, ар кандай ремонт иштерине тынымсыз көмөк көрсөтүү жана айыл өкмөтү тарабынан тапшырылган иш-чараларды аткаруу Серен атанын урпактарына милдеттендирилсин.
3. Кичи футболдук аянтчага ат берүү боюнча керектүү кагаздарын 30 күн ичинде бүткөрүшсүн.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |