Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 4
Мөндүрдөн жабыр тарткан дыйкандарды жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 344-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2016-жылдын 22-августундагы Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана айыл тургундары менен түзүлгөн актысын талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 22-августундагы Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана айыл тургундары менен түзүлгөн актысында көрсөтүлгөн дыйкандар, бардыгы айыл аймагы боюнча 236,3га жер аянты 2016-жылдагы жер салыгынан толугу менен бошотулсун.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |