Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 5
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-ж. №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык, Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун жана жумуш орундарынын зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиянын отурумунун 31.12.2019-ж. протоколунун негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аккредитациядан өткөн “Армот” жоопкерчилиги чектелген коомунун айыл өкмөтүндөгү компьютерлердин электромагниттик нурлануусун аныктоо протоколунун жана Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун жана жумуш орундарынын зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиянын отурумунун 31.12.2019-ж. протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына төмөндөгүдөй тартипте кошумча үстөктөр төлөнүп берилсин.
№ | Кызматкердин аты, жөнү | Ээлеген кызматы | Компьютер дин инвентардык номери | Маянанын өлчөмүнүн пайыздык катышы |
1 | Мааткеримов У.А | Башчы | 019/20 | 25 |
2 | Туратбеков Ш. | Жооптуу катчы | 004 | 25 |
3 | Орозонова С.А | Аскердик эсепке алуу инспект | 019/21 | 15 |
4 | Ашымов Б.А | Аскердик эсепке алуу инспект | 019/21 | 15 |
5 | Түлөбаева А.З. | Каржы-экон.бөлүм башчысы | 019/22 | 25 |
6 | Калчаев М.Ж | Инвестиция боюнча адис | 019/23 | 25 |
7 | Болотбекова Н.А | Статист-экономист | 041 | 20 |
8 | Муканбетов М.Э | Кирешелер б-ча башкы адис | 019/24 | 15 |
9 | Дүйшалиева С.К | Иш-кагаз. жүргүзүүчү катчы | 001 | 25 |
10 | Мааткеримов М.А | Соц. маселелер б-ча башкы адис | 002 | 25 |
11 | Өмүракунова Н. | Социалдык кызматкер | 002 | 25 |
12 | Талипов Ж.Т | Жер адиси | 004 | 10 |
13 | Акматов С.Б | Мал чарбасы боюнча жетектөөчү адис | 004 | 10 |
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |