Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 6
Көл-Төр айыл аймагынын өнүгүү стратегиясынын инвестициялык планын өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алуу жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИД-3 алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын эске алуу менен 2019-жылы кабыл алынган стратегиялык пландын негизинде 2020-жылдагы стратегиялык планынын инвестициялык планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |