Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы
2020-жылдын 27-майы № 11
“Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы бош калган акча каражатын кайрадан бөлүп берүү жана 2020-жылдын кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн өзгөрүү тууралуу”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы бош калган акча каражатын Көл-Төр айыл аймагынын бюджетине төмөндөгү иш чаралар боюнча 2 кварталга өзгөртүү киргизилсин.
-төмөндөгү иш чаралардан: Көл-Төрайылынын курош залынын ПСДсын бутурууго каралган 160000сом акча каражатынан , Көл-Төр айылынын кичи футбол талаасынын курулуш материалдарына 50000сом кошулуп калган 100000сому,
мектептерге, административдик имаратка,бала бакчага пожарный шить алып берууго каралган 54076сом, Тогуз-Булак жаштар борборуна материал алуудан 13000сом, Иманалиев орто мектебинин кире беришин бутурууго курулуш материал алуудан 50000сом озгортулуп,
- аппарат бөлүмүнүн 2215беренесинен 165000сомго;
-22221100беренесинен 21076сомго;
мектептер бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 36000сомго азайтылсын.
Бул акча каражаты
-Көчө жарыктарына 137100сом, клубдардын 75000сом электр энергиясынын төлөмдөрүнө;
мектептердин телефондорунун абоненттик төлөмдөрүнө 10000сом көбөйтүлүп берилсин.
Бардык сумма 222076 (эки жүз жыйырма эки миң жетимиш алты )сом.
2. 2020-жылдын кабыл алынган бюджеттин планынан :
-чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык 2000сомго;
-ыктыярдуу патенттин негизинде салык 100000сомго;
-жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык 69000;
-дагы башка мулк ижарасы үчүн 200000сомго 2кварталдан кыскартылып жана чыгымдала турган:
башкаруу бөлүмүнүн: 2215 беренсинен 81700сом, 2222беренесинен 20000сомго;
мектеп бөлүмүнүн: 3111беренесинен 30000сом;
клуб бөлүмүнүн: 2215беренесинен 105000сом,
жайыт бөлүмүнүн: 2215 беренесинен 94300сом
библиотека бөлүмүнүн: 2215 беренесинен 40000сом азайтылсын. Бардык сумма 371000( үч жүз жетимиш бир миң )сом.
3. Коңур-Өлөң айылынын айыл башчысы Муканбетов Эриктин туура эмес кармалган подоходный налогуна каралган сумманы Көл-Төр айылынын тургуну Арыков Рысбектин мүмкунчүлүгү чектелген уулунун көзүн операция жасатууга которулсун.
4. 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 2 кварталына кошулуп, киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы бөлүмүнүн башчысы –А.Түлөбаевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жага Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.А.Мааткеримовго тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |