Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 10
Айыл аймагында жайыт тартибин камсыз кылуу тууралуу
Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин 07.04.2020-ж. №1 чечиминин негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 1-июнуна чейин Көл-Төр айылынын “Кумбулуң” жана “Саз” участкаларындагы жылкылар, ири жана майда мүйүздүү малдар жакынкы жайлоолорго көчүрүлсүн.
2. Айыл аймагынын сырт өрөөнүндөгү жайлоолорго көчүү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлсүн.
3. Сырт өрөөнүнөн жана жакынкы жайлоолордон көчүп келүү 2020-жылдын 1-октябрынан баштап жүргүзүлсүн.
4. Мал багуунун акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
· Тогуз-Булак айылында майда малды багуу - 45сом, жылкы жана ири мүйүздүү малды багуу – 300сом;
· Көл-Төр айылында майда малды багуу – 45сом, жылкы жана ири мүйүздүү малды багуу – 300 сом;
· Коңур-Өлөң айылында майда малды багуу – 42сом, жылкы жана ири мүйүздүү малды багуу – 250сом;
5. Чабандар менен келишимдерди түзүү, мал багуучулар аркылуу жайыт төлөмдөрүнүн төлөнүшүн камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы Б.Талиповго тапшырылсын.
6. Коңур-Өлөң айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун чечимине ылайык “Саз” участкасында тайларды багууга уруксаат берилсин. Жайлоодон көчүп келүү 15-сентябрдан баштап жүргүзүлсүн.
7. Жайыт тартибин бузгандарга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар Кодексине” ылайык айып пулдар салынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымбаев |