Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
2020-жылдын 31-марты № 9
Айыл аймагында ички тартипти камсыз кылуу жөнүндө
Айыл аймагында COVID-19 пандемиясынын таралышына бөгөт коюу, айыл аймагында ички тартипти камсыз кылуу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айыл башчылары тарабынан уюштурулган көзөмөл пункттарынын иши колдоого алынсын.
2. Айыл аймагына кирип-чыккан адамдардын саны кыскартылсын. Ар бир айылдан бир күндө 1 машина Балыкчы шаарына, Бөкөнбаев айылына 1 машина чыкканга уруксаат берилсин.
3. Үрөн алууга, күйүүчү май жана айыл чарба техникаларынын тетиктерин алууга ар бир айылдан бир күндө бир машина 2 киши менен чыкканга уруксаат берилсин.
4. Калкынын санынын көптүгүн эске алуу менен Тогуз-Булак айылынан бир күндө 3 машина чыкканга уруксаат берилсин.
5. Ооруканага бараткандар врачтын жолдомосу менен чыгарылсын. Тогуз-Булак УЭСинин кызматкерлери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен өткөрүлсүн.
6. Бет кап тагынбагандарга 500сом, коомдук жайда арак ичкендерге 1000сом, эл чогултуп, той-аш, куран окуткандарга 15 000сом айып салынсын.
7. Карантинде туруп көчөгө жана эки жакка чыккандар милициянын участкалык уполномоченныйынын көзөмөлү менен обсервацияга жаткырууга жиберилсин.
8. Айыл аймагындагы көзөмөл пункттарында турган балдарга баш ийбегендерге 5000 сом айып пул салынсын.
9. Малдарды сырт өрөөнүнө жеткирүүдө биркасы бар, тиешелүү ветеринардык справкасы бар, вакцинациядан толук өткөн болсо, көзөмөл пункттарынан тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.
10. Айыл аймагынын айылдарына кабыл алынган чечимдер боюнча кулактандыруулар илинсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айыл өкмөтүнө, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |