Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз 30-сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 29
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагынын топурак изилдөө материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18–беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы 2015-2016 даярдаган Көл-Төр айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мурдагы топурак изилдөө материалдарына оңдоп түзөө иштерин карап чыгып, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагынын 2015-2016-жылдары жүргүзүлгөн топурак изилдөө материалдары бекитилсин.
2. Көл-Төр айыл аймагынын 2015-2016-жылдары жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын бекитип берүү жагы Тоң районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | А. Алымбаев |