Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2019-жылдын 29-октябры № 25
2019-2022-жылдарга карата Көл-Төр айыл аймагынын өнүгүүсүнүн стратегиясын бекитүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2022-жылдарга карата Көл-Төр айыл аймагынын өнүгүүсүнүн стратегиясы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет, экономика, соц маселеле жана реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |