Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2019-жылдын 29-октябры № 24
Киреше салыгынын ашык аткарылышынын эсебинен бюджетте каралбай калган чарбалык жумуштарга акча каражат бөлүп берүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы тогуз айында киреше салыгынын ашык аткарылышынын эсебинен бюджетте каралбай калган чарбалык жумуштарга акча каражат бөлүп берүү максатында Көл-төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы тогуз айында киреше салыгынын ашык аткарылышынын эсебинен Көл-Төр айыл аймагынын бюджетине төмөндөгү беренелер боюнча 4-кварталга өзгөртүү киргизилсин.
-1-С программасына 70,0 мин сом;
-Тогуз-Булак айылынын кичи футбол талаасынын архитектуралык документтерине 8,0 мин сом;
2. 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 4-кварталына кошулуп, киреше жана чыгаша бөлүгү ушул суммада жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер А.Түлөбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.А.Мааткеримовго тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |