Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2019-жылдын 14-августу № 20
Айыл аймагынын 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинде муниципалдык имараттарды каттоодон өткөрүүгө каралган 100 000 сом акча каражатынан 30 000 сом электр энергиянын төлөмдөрүнө жумшалсын.
2. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинде муниципалдык имараттарды каттоодон өткөрүүгө каралган 100 000 сом акча каражатынан 20 000 сом кызматтык автоунаанын күйүүчү майына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовко, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |