Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2019-жылдын 14-августу № 18
Аликов Кутман Улановичке самбо күрөшү боюнча Индия мамлекетине өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына баруу үчүн каражат кароо тууралуу
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Аликов Кутман Улановичке самбо күрөшү боюнча Индия мамлекетине өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына баруу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө каражат карап берүү жактырылсын.
2. 20 000 сом мектеп окуучуларынын машыктыруучуларына командировкалык чыгымдарга каралган 70 000 сом акча каражатынан бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовко, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.
4. Башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен мектеп бөлүмүнүн 2215 беренесине 50 000сом акча каражаты которулуп берилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |