Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2019-жылдын 8-августу № 15
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү келишимди бекитүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн негизинде, келишимдин шарттарын талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Көл-Төр айыл өкмөтүнүн ортосундагы “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлү пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |