Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 14
Мектепке кошумча имарат салуу үчүн жер аянтчасын бөлүп берүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн негиздеп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн кайрымдуулук фонду аркылуу жасала турган иштери жактырылсын.
2. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы жалпы билим берүү мектебине тиешелүү жер аянтынан мектеп салуу үчүн жер аянты мыйзам талаптарына ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлү эл агартуу, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |