Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 13
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде кызмат ордуларынын категорияларына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн негиздеп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде кызмат ордуларынын категориялары төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлүп бекитилсин:
Жооптуу катчы – 1
Бөлүм башчысы:
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы – 1
Башкы адис:
Кирешелер боюнча башкы адис – 1
Юридикалык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис – 1
Социалдык маселелер боюнча башкы адис – 1
Жетектөөчү адис:
Мал чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис – 1
Жетектөөчү адис –статист-экономист - 1
Айыл башчы – 2
Адис:
Жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча адис – 1
Инвестиция жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис – 1
Аскердик эсепке алуу инспектору – 2
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |