Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 12
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин сунушталган долбоору бекитилсин.
2. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгаша бөлүктөрү 6952,5 миң (алты миллион тогуз жүз элүү эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен теңдөөчү грант 3778,5 миң (үч миллион жети жүз жетимиш сегиз миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2021-2022-жылдардын долбоору жалпы киреше жана чыгаша боюнча 7002,7 миң (жети миллион эки миң жети жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен теңдөөчү грант 3667,4миң (үч миллион алты жүз алтымыш жети миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |