Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 30
Коңур-Өлөң айылынын Жаштык көчөсүнө Касымбаев Шаршенин ысымын берүү жөнүндө
Айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылында үзүрлүү эмгектенип жашап өткөн Касымбаев Шаршенин Коңур-Өлөң айылындагы Жаштык көчөсүнө ысымын берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылынын Жаштык көчөсүнө Касымбаев Шаршенин ысымы берилип, “Касымбаев Шарше” атындагы көчөсү деп аталсын.
2. Аты берилген көчөнүн тазалыгына, жарыктандыруу, ар кандай ремонт иштерине тынымсыз көмөк көрсөтүү жана айыл өкмөтү тарабынан тапшырылган иш-чараларды аткаруу уулу Касымбаев Бактыбекке милдеттендирилсин.
3. Көчөгө ат берүү боюнча керектүү кагаздарын 30 күн ичинде бүткөрүшсүн.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |