Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы
2020-жылдын 27-майы № 12
Көл-Төр айыл аймагындагы “Айдың-Көл” участкасын “Тоолуу өрөөн коому” коомдук бирикмесине берүүдөн баш тартуу жөнүндө
“Тоолуу өрөөн коому” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ж.Өмүракуновдун жана бул жерди бул мезгилге чейин пайдаланып келген Д.Асановдун билдирүүлөрүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагындагы “Айдың-Көл” участкасын “Тоолуу өрөөн коому” коомдук бирикмесине ижарага берүүдөн баш тартылсын.
2. Аталган участок бул мезгилге чейин балык өстүрүүдө пайдаланып келген Асанов Дастан Акжолтоевичке калтырылсын.
3. Жайыт жериндеги айыл тургундарынын малдарына коркунуч келтирип жаткандыгына байланыштуу “Айдың-Көл” участкасында мергенчилик кылууга убактылуу тыюу салынсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымбаев |