Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы
2020-жылдын 7-июлу № 13
Чопо топурак казып алууга карьер берүү жөнүндө
“Таш-Кыя плюс” ЖЧКсынын жетекчиси Мамбеттурдиев Артурдун кайрылуусунун жана Көл-Төр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-майындагы №5 протоколдук чечиминин негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын “Таш-Кыя” участогунун №145 контурундагы 2 га жайыт жеринин ичинен 0,10 га чопо топурак казып алууга карьер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Көл-Төр айыл өкмөтү менен тиешелүү документтерин бүткөрүү жана карьерди мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу менен рекультивация иштерин жүргүзүү “Таш-Кыя плюс” ЖЧКсынын жетекчиси Мамбеттурдиев Артурга тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |