Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы
2020-жылдын 7-июлу № 14
Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы бош калган акча каражатын кайрадан бөлүп берүү жана 2020-жылдын кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу
2019-жылдагы бош калган акча каражатын кайрадан бөлүп берүү жана 2020-жылдын кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын 2019-жылдагы бош калган акча каражатын Көл-Төр айыл аймагынын бюджетине төмөндөгү иш чаралар боюнча 3 кварталга өзгөртүү киргизилсин.
- төмөндөгү иш чаралардан: Турак жай жана эл каттоо үчүн каралган 50000сом МЧСке өзгөртүлсүн.
2. 2020-жылдын кабыл алынган бюджетинен мектеп бөлүмүнүн мектеп окуучуларынын машыктыруучуларынын командировкалык чыгымдарынан
70921 бөлүмүнүн 2211беренесинен 50000сом азайтылып, 70111бөлүмүнүн 2215 беренесине 50000сом төмөндөгүдөй иш чараларга:
30000сому аппарат бөлүмүнүн ар кандай чыгымдары үчүн, 20000 сому аппарат бөлүмүнө МЧСке кайра каралып которулсун. Баардык сумма элүү миң сом.
3. 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 3 кварталына кошулуп, киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
4. Которулган акча каражаттары учурдагы кырдаалга байланыштуу айыл аймагындагы аз камсыз, жалгыз бой жана ДМЧАларга дары-дармек алып берүүгө жумшалсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.А.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |