Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы
2020-жылдын 7-июлу № 15
Көл-Төр айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн негиздеп, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилип, төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
- Сулайманов Туратбек Эсентурович – комиссиянын төрагасы, аксакалдар кеңешинен;
- Усупов Сүйүнбай Бакирдинович – комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты;
- Туратбеков Шекербек – комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- Рыспай уулу Тойчубек – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Чортонбаева Күлкайыр Жумадиевна – комиссиянын мүчөсү, жарандык коомдон;
- Сооданбекова Атыркүл Токоновна- комиссиянын мүчөсү, жарандык коомдон.
- Базлакунов Турат Кабылбекович – комиссиянын мүчөсү, аксакалдар кеңешинен.
2. Комиссияга Көл-Төр айылдык кеңешинин 06.12.2018-ж. №17 токтому менен бекитилген “Көл-Төр айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу” Жобого ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын .
Төрага | А. Алымбаев |