Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 17
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде акча каражаты тартыш болгондуктан өлкөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу көпчүлүк иш чараларыбыз аткарылбай калгандыктан 2020-жылы кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көл-Төр айыл аймагынын айыл өмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде төмөндөгү иш чаралар боюнча 3-кварталга өзгөртүү киргизилсин.
- Газета-журналдарга жазылуу 2020-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2020-жылдын 2- жарым жылдыгы үчүн каралган 40000сом ;
- Мектеп окуучуларынын машыктыруучуларына командировкалык чыгымдарга каралган 15000сом;
- 1-июнь балдарды коргоо күнүнө каралган 30000 сом;
- энелер күнүнө каралган 15000сом;
- 31-август эгемендүүлүк күнүнө каралган 20000сом;
- баткен коогалаңына катышкандарга каралган 5000 сом;
- муниципалык кызматкерлердин майрамына каралган 10000 сом;
- мектептерге окуу китептерин алууга каралган 30000сом;
- Коңур-Өлөң, Көл-Төр ФАПтарга интернет киргизүү үчүн 16700 сом; Бардык сумма 181700 сом. Бул акча каражаттары төмөндөгүдөй иш чараларга:
- маданият үйүнө жана клубдарга өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн материалдарга 15000 сом;
- Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн электр энергиясы үчүн карызын жабууга 121700 сом;
- мектептердин утурумдук ремонтуна, башкача айтканда санитардык–эпидемиологиялык талаптарга ылайык жасоо үчүн материалдарды алууга 30000 сом;
- мектептердин телефон байланышына абоненттик төлөм үчүн 15000 сом жумшоо үчүн өзгөртүлүп каралып берилсин.
2. Бардык 181700 (жүз сексен бир миң жети жүз) сом 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 3-кварталына кошулуп, киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымбаев |