Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2020-жылдын 27-августу №19
Таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигону үчүн жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берүү тууралуу
Тогуз-Булак айылында таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигону жок болгондуктан тиричилик калдыктарынан пайда болгон таштандылар жаратылыш ресурстарына, курчап турган чөйрөгө орду толгус чоң зыяндарды алып келүүдө. Жер адиси Ж.Талиповдун жана жер комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана ушул көйгөйлүү маселени чечүү үчүн Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Тогуз-Булак айылында таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигондорун куруу үчүн Тогуз-Булак айылынын “Таш-Кыя” участкасындагы №136 контурунан 2,0 (эки) га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка” категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигондорун куруу үчүн тиешелүү каржы булактарын табуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген жер тилкелерине тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Тоң районунун шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин Тоң филиалынан суралсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомду аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлдөө жагы агрокомитеттин төрагасы Ж.Өмүракуновго тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |