Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 20
“Нур Телеком” ЖЧКсына жер аянтын берүү тууралуу
“Нур Телеком” ЖЧКсынын 27.08.2020-ж. №07/2336 кайрылуусунун, айыл өкмөт башчысынын, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Тогуз-Булак айылынын “Көк-Сай чек ара” участогунун №67 контурунан узуну 10м, туурасы 10м, жалпы 100м2 жер аянты “Нур Телеком” ЖЧКсына 2 (эки) жыл 11 (он бир) айга убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. “Нур Телеком” ЖЧКсы менен келишим түзүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Талиповго тапшырылсын.
3. Жер салыгын жана келишим боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу жагы “Нур Телеком” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлдөө жагы агрокомитетке тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |