Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 21
Көл-Төр айыл аймагынын 2019-2022-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовдун Көл-Төр айыл аймагынын Биргелешкен аракеттер планына (БАП) өзгөртүү киргизүү боюнча билдирген маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын артыкчылыктуу, чечилүүчү көйгөйлөрү аныкталып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү ишке ашыруу максатында Биргелешкен аракеттер планына (БАП) өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин.
2. Көл-Төр айыл аймагынын 2019-2022-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына киргизилген өзгөртүүгө ылайык иш алып баруу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Көл-Төр айыл аймагынын 2019-2022-жылдарга стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көл-Төр айылдык кеңешине тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |