Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 23
ХОВО автомашинасын ижарага берүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ХОВО автомашинасы “Агентство развития Тонского района” ишканасына ай сайын 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө ижара акысы менен ижарага берилсин.
2. ХОВО автомашинасы иш убактысында бузулган учурда оңдоо иштери “Агентство развития Тонского района” ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |