Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 24
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бош калган акча каражатынын жыл ичинде экономдолгон бөлүгүн бөлүштүрүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн кайрадан бөлүп берүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2020-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бош калган акча каражатынын экономдолгон суммаларын:
- Көл-Төр айылына футболдук аянтча салууга курулуш материалдардан 15870 сом;
- Иманалиев орто мектебинин кире беришин бүтүрүүгө курулуш материалдарынан 11015сом;
- Тогуз-Булак жаштар борборуна материал алуудан 310сом;
- Көл-Төр айылындагы бала бакчага өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сигнализация орнотуудан 50610сом;
- МЧСке каралган 50000;
- 2021-жылдарга айыл өкмөттүн жаңы чарба китептерин алууга каралган акча каражатынан 10000сом;
- экскаваторго дөңгөлөк алуудан 4800 сом;
- Коңур-Өлөң айылындагы спорт залга эшик алуудан 790сом;
Бардык акча 143395сом.
143395сом төмөндөгүдөй чыгымдарын жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.
- Коңур-Өлөң айылынын тургуну Сартбаева Зейнегүл Жамангуловнага материалдык жардам катары 10000сом;
- Айылдык кеңештин төрагасынын жыл ичинде сессия өткөрүү үчүн компенсациясына 14000 сом;
-Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, маданият кызматкерлеринин маршруттук баракчаларына, командировкаларына 119395сом которулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү пландоо бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымбаев |