Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 25
2020-жылы 23-январда Тоң райондук прокуратурасынын Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2015-2018-жылдар аралыгындагы каражаттарынын жумшалышынын мыйзамдуулугун текшерүүсүнүн негизинде төгүлгөн, кабыл алынган бюджетте пайдаланылбай калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоң райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 23-январындагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2015-2018-жылдар аралыгындагы каражаттардын жумшалышынын мыйзамдуулугун текшерүүсүнүн негизинде төгүлгөн, кабыл алынган бюджетте пайдаланылбай калган акча каражатын кайрадан бөлүп берүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2020-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүн 2020-жылы текшерүүнүн негизинде төгүлгөн 257965сомду, 2020-жылдагы кабыл алынган бюджетте Нооруз майрамын өткөрүүгө каралып пайдаланылбай калган 15000сомду, 1-С Программасын жаңыртып турууга каралган 31950сомду, башкаруу бөлүмүндө ваканттык орун болгондуктан экономдолгон 12094сомду төмөндөгүдөй иш чараларга:
- ар кандай чыгымдарга: Тон райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, Кыргыз гипроземге - 83230сом;
- электр энергияга 196300сом.
- Айыл аймактын кээ бир мектептеринде класстар чоң болуп жакшы жылыбай жаткандыгына байланыштуу кошумча жылыткычтарды алууга жана көчөлөрдөгү түнкү жарыктардын эсептегичтерин алып берүүгө 25385сом;
- клуб бөлүмүнүн эмгек акысына жана соц фонд төлөмдөрүнө 12094сом жумшалсын.
2. Көрсөтүлгөн 317009сом жогорудагы чыгымдарын жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү пландоо бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Алымбаев |