Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXII - сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 22/1
Көк-Жар айыл аймагына караштуу жер аянттарынан, айыл аймагынын тургундарынан келип тушкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында “ Көк-Жар айыл аймагын өнүктүрүү фонду” мекемесин түзүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагына караштуу жер аянттарынан , айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу масатында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында “ Көк-Жар айыл аймагын өнүктүрүү фонду “ мекемесин түзүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “ Көк-Жар айыл аймагын өнүктүрүү фонду “ мекемеси түзүлсүн .
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында “ Көк-Жар айыл аймагын өнүктүрүү фонду “ мекемесин түзүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы ( Көк-Жар айыл аймагынын өнүктүрүү фонду “ мекемесинин аталышын, уставын, юридикалык аталышын, фондун башчысын жана бухгалтерин буйрук чыгарып бекитүу жагы милдеттендирилсин.
4. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Өнүктүрүү фондунун башчысы ишмердүүлүгү боюнча Айылдык Кеңешке отчетун бир жылда бир жолу берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Көк-Жар айылдык кеңештин төрагасына калтырамын.
Төрага | А. Кадыракунов |