Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 3-марты № 2/1
Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын калкынын саны 2019-жылдын 1-январына карата 6 617 болгондугуна байланыштуу Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат орду бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Барыктабасовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Иманкулов |