Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI -чакырылышынын XXXXVII-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 47/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2020-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 6 142.7 сом;
2) Теңдештирилген грант – 9 089.8 сом.
Баардыгы: 15 232,5 (он беш миллион эки жүз отуз эки миң беш жүз) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1. Башкаруу аппаратына – 11 311.7 сом; Р-701 11
2. Китепкана 220,4 сом; Р-708 21
3. Маданият тармагына – 1 079,2 сом; Р-708 23
4. Бала бакчага – 617,0 сом; Р-709 11
5. Атайын каражат- 240,4 сом; Р- 709 11
6. Мектеп - 1 369,5 сом; Р-709 21
7. Экономикалык маселелер (жайыт комитети)- 394,3 сом; Р- 704
Баардыгы: 15 232,5 (он беш миллион эки жүз отуз эки миң беш жүз) сом
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоордун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) 2021-жылга
-Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 425,7 сом;
-Теңдештирилген грант- 8 849,8 сом.
2) 2022-жылга
-Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 8 013,7сом;
-Теңдештирилген грант- 8 826,6 сом.
4. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | У. Мокешов |