Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI -чакырылышынын XXXXVII-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 47/2
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражатынан социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар айыл тургунуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын ичинен Ак-Муз айылынын дең-соолугу жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар Чаарова Гүлайымга 30,0 (отуз миң) сом, Баялиева Махабатка 30,0 (отуз миң) сом жардам берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |