Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI -чакырылышынын XXXXVIII-сессиясы
2020-жылдын 13-февралы № 48/2
Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду” участкасындагы археологиялык эстеликтер жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду” участкасындагы № 413-405-903 контурунан таза суу трассасын тартууга трансфомацияга сунуш кылынган 2,5 га жер аянтында археологиялык эстеликтер жок экендиги археолог Кубатбек Табалдиев тарабынан аныкталгандыктан, “Бороонду” участкасындагы жакын жердеги археологиялык эстеликтер коргоого алынып сакталышына көзөмөл кылынсын;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |