Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX -чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
2020-жылдын 13-февралы № 2
Айылды инвестициялоо 3-долбоорунун алкагындагы конкурска катышуу үчүн Чаек айыл аймагынан ири долбоорго “Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу” жана чакан долбоорго “ Ак-Татыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү” долбоорлорун тиешелүү бюджеттери менен бекитүү жөнүндө
Айылды инвестициялоо 3-долбоорунун алкагындагы конкурска катышуу үчүн Чаек айыл аймагынан ири долбоорго “Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу” жана чакан долбоорго “ Ак-Татыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү” долбоорлорун тиешелүү бюджеттери менен бекитүү боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Ири долбоордук сунуш тиешелүү бюджети менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Ири долбоордун аталышы | Гранттын суммасы | А+ өздүк салымынын суммасы (гранттын суммасынан 3,75% кем эмес) | Башка булактар | Долбоордун жалпы суммасы |
1 | Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу | 2800,0 | 400,0 |
| 3200,0 |
2. Чакан долбоордук сунуш тиешелүү бюджети менен төмөндөгүдөй бекитилсин
№ | Чакан долбоордун аталышы | Гранттын суммасы | А+ өздүк салымынын суммасы (гранттын суммасынан 3,75% кем эмес) | Башка булактар | Долбоордун жалпы суммасы |
1 | Актатыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү | 1347,5 | 52500 |
| 1400,0 |
3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Алымкуловго тапшырылсын.
4. Ушул токтом Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |