Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX -чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин салык жана салык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 1355052,03 миң сом жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 276,8 миң сом, бардыгы 1631930,06 миң сом өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 135505,03 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
1.1. Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча “Жон” СПАсына 150,0 миң сом жана врачтардын комм.услугасына72,0 мин сом,корукчулардын 2019-жылдагы эмгек акысына 80,0 мин сом.
1.2. Эмгек акы (2111)беренеси боюнча корукчулардын 2019-жылдагы эмгек акысына соц.фонд 17,25% 13,8 мин сом.
1.3. Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча технадзордун кызматы (Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектебине кап.ремонт)15,0 мин сом.
1.4. Электр энергия (2231) беренеси боюнча мугалимдерге электр энергия үчүн 370 сомдон 350 кишиге 134252,03 мин сом.
1.5. Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча Балдардын окуу борборунун имаратынын сметасын даярдоо 90,0 мин сом.
1.6. Машина жана машина жабдуу (3112) беренеси боюнча Айыл өкмөткө кызматтык автоунаа сатып алуу 600,0 мин сом.
1.7. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Бештерек айылына минифутбол аянтынын курулушуна 200,0 мин сом.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 2019-жылдагы бюджетинин салык эмес киреше-чыгашалардан ашкан акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттагы чыгымдарга каржылансын:
2.1. АУПтун атайын счету Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча жергиликтъъ маанидеги көйгөйлөрдү чечүүгө социалдык заказ 105987,66 сом.
2.2. ЖКЧ ынын атайын счету боюнча ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча СПАнын ар кандай чыгымдарына 82484,87 сом.
2.3. Бала-бакчалардын атайын счету боюнча ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча Чаектеги бала-бакчалардын ар кандай чыгымдарына 66485,5 сом, “Беш-Терек Алтын-балалык” бала-бакчасына 21920,0 сом, баардыгы 88405,5 сом.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Азыкбек уулу Чынгыз |