Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (XXIX –чакырылышынын) кезектеги XX-сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 2
Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу Чаек айыл аймагындагы “Ш.Исабекова атындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”,”Кара-Жээк аймагындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”, ”Актатыр айылындагы футбол аянтчасына газон төшөө”,”Кара-Жээк аймагындагы футбол аянтчасына газон төшөө” жана “Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына компьютердик жабдууларды алуу” долбоорлорду жана алдыда Нарын областык жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорду талкулоо жөнүндө
Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу Чаек айыл аймагындагы “Ш.Исабекова атындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”,”Кара-Жээк аймагындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”, ”Актатыр айылындагы футбол аянтчасына газон төшөө”,”Кара-Жээк аймагындагы футбол аянтчасына газон төшөө” жана “Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына компьютердик жабдууларды алуу” долбоорлорду алдыда Нарын областык жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорду талкулоо жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы “Ш.Исабекова атындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”,”Кара-Жээк аймагындагы эс алуучу жайына муз аянтчасын куруу”, ”Актатыр айылындагы футбол аянтчасына газон төшөө”,”Кара-Жээк аймагындагы футбол аянтчасына газон төшөө жана “Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына компьютердик жабдууларды алуу” долбоорлорго алдыда Нарын областык жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорду акча каражаттарын бөлүү жагы Нарын областык өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |