Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX -чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2019-жылдын 16-декабры № 1
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-бөлүмүнүн 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн , коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип тушкон протоколдорун карап чыгып жана талкуулап “ Жергигиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “ 36-беренесине ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чаек айылынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине
1. Абдиева Айзада
2. Абышев Рахат
3. Айрыгомова Саламаткан
4. Аманалиев Жолдошбек
5. Арзыбекова Сайна
6. Жаныбек кызы Мунира
7. Казакбаева Сейнекүль
8. Осмоналиева Нурила
9. Сагынбаева Шахтербек
10. Стамова Гүлбара
11. Токонова Жүрсүн
12. Токтоназарова Жаныл
13. Жокиева Медина
14. Кожогелдиева Майрамбүбү
15. Сыдыгалиева Тамара
16. Сапаева Индира.
17. Эркинбаева Элнура
18. Эсенгулова Алтынай
19. Насипова Айкерим талапкерлери сунушталсын.
3. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине снушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго тапшырылсын.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |