Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеӊешинин IV -чакырылыштагы кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 2
Нарын шаардык троллейбус депосунун аталышын өзгөртүп муниципалдык ишкана деп атоого макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаарындагы троллейбус депосу учурда өзүн-өзү каржылаган ишкана болгондуктан, троллейбустардын эскилиги жетип, толук кандуу иш алып барууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык троллейбус депосунун аталышы өзгөртүлүп, “Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы” деп атоого макулдук берилсин.
2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан ишкананын Уставын иштеп чыгуу, юстициянын каттоосунан өткөрүү иштери жүргүлүп, ал эми штаттык бирдиктерин бекитүү маселеси Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |