Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 15-октябры № 36/4
Кочкор-Жумгал борбордук жолдун жээгине чакан жеңил курулуш куруу жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Өмүрбековдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Кочкор-Жумгал жолунун жээгине чакан жеңил курулуш куруу үчүн айыл тургундарына убактылуу бир жылдык мөөнөт менен келишимдин негизинде 1 сотых жер аянтынын баасы 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мыйзам чегинде бир жылдык мөөнөт менен келишимди түзүү жагы ЖПБ төрагасы У. Өмүрбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |