Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 15-октябры № 36/5
Узун-Булак айылынын схемалык түзүлүшүн бүткөрүүгө акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө
Узун-Булак айылынын айыл башчысы А. Байдавлетовдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 26-июунунда Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областарынын айрым калктуу конуштарын айыл категорияга киргизүү жөнүндө мыйзамына ылайык Узун-Булак айылы айыл макамын алгандыктан, схемалык түзүлүшүн бүтүрүүгө 2021-жылга жергиликтүү бюджетинен 45,000 (кырк беш миң) сом акча каражатын бөлүү жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |